Көпүрөнүн курулушуна байланыштуу поезддин каттамы убактылуу өзгөрдү

Бүгүн, 26-апрелде Бакаев көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушуна байланыштуу поезд каттамы убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Ага ылайык, №6063 Бишкек-Кайьңды жүргүнчү поездинин бир жолку каттамы Лев Толстой көчөсү 65Б (Пишпек) дарегиндеги Бишкек-1 бекетинен жөнөтүлүп, кайра келгенде ырааттамасы өзгөрүүсүз 27-апрелде Бишкек-2 бекетине келет.

Ал эми №6050 Бишкек - Токмок жүргүнчү поездинин бир жолку сапары Эркиндик бульвары 1А (Борбордук вокзал) дарегиндеги Бишкек-2 бекетинен жөнөтүлүп, кайра келгенде ырааттамасы өзгөрүүсүз 27-апрелде Бишкек-1 бекетине келет.

"Кыргыз темир жолу" ишканасы жүргүнчүлөрдөн келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан