Акжолтой Тукунов кайра камакка алынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары, активист Акжолтой Тукунов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.

Белгилей кетсек, Акжолтой Тукунов массалык баш аламандыкка чакырык жасоого шектелип 19-апрелде кармалган. 20-апрелде Аламүдүн райондук соту аны эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бошоткон.

Аламүдүн райондук сотунун прокуратурасы соттун чечимине каршы Чүй облустук сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылган. Бүгүн, 26-апрелде облустук соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы арызды карап, Т.А.нын камакка алынышын мыйзамдуу жана негиздүү деп тапкан. Ал 17-июнга чейин камакта калтырылды.

Эске салсак, Акжолтой Тукунов 2022-2023-жылдары Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан