«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы жооптуу кызматкерлерди өз командасына кошулууга чакырат. Бул боюнча мэриядан билдиришти.
Ишкана койгон талаптар:
Контролёрлорго талаптар: Жашы 23 жаштан 50 жашка чейин, келишим менен иштөө, айлык акы нөөмөтүнө 1500 (12 саат), иш тартиби 6\1.
Наркология боюнча адисине талаптар: иш стажы жана жогорку билими, маянасы 24 600 сом.
Диспетчерге талаптар: иш стажы, жогорку же орто атайын билими, маянасы 26 400 сом.
Толук маалымат алуу үчүн 0312 531 789 телефон номуруна кайрылса болот.