Кыргызстанда акыркы үч жылда баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо менен алектенген 27 жашыруун нарколаборатория жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
Алардын ичинен синтетикалык баңгизаттарды даярдоо боюнча - 12, кара куурай тобундагы баңгизаттарды даярдоо боюнча - 15.
27 нарколабораториянын ичинен 25и Баңгизаттар мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жок кылынып, ичинде синтетикалык - 11и, кара куурай тобундагы баңгизаттарды даярдоо боюнча - 14ү аныкталган.
Үч жыл ичинде нарколабораторияларды жоюунун натыйжасында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1 тонна 799 килограмм 944 грамм баңгизаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган.
2024-жылдын отчёттук мезгилинде кара куурай тобундагы баңгизаттарды даярдоо боюнча жашыруун 3 нарколаборатория аныкталган, алардын ичинен 2 нарколаборатория ИИМдин БМЖККК тарабынан аныкталган.