Компания өкүлдөрүнөн 1,2 миллион сом опузалаган. Шектүүлөр акчаны алып жаткан жеринен кармалды

Компания өкүлдөрүнөн 1 миллион 200 миң сом пара алып жаткан жеринен О.Ч. жана К.М. аттуу жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат 29-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунун (уюшкан кылмыштуу топ тарабынан опузалап пара талап кылуу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында "А.Л." ЖЧКсынын өкүлдөрүнөн опузалап пара алып жаткан учурда О.Ч. жана К.М. аттуу жарандарды кармаган.

"Алар ЖМКга финансылык мыйзам бузуулар тууралуу видео материалдарды жарыялоо, ошондой эле укук коргоо жана башка көзөмөлдөөчү органдарга кайрылуу менен ишкерлерге шантаж жасап, акча опузалап алуу схемасын уюштурушкан. Тагыраагы, аталган компаниянын жетекчилигинен акча алуу үчүн президенттин, Башкы прокуратуранын, УКМКнын, ИИМдин жана Финансы министрлигинин дарегине компаниянын ар кандай финансылык жана салыктык мыйзам бузуулары жөнүндө бир катар арыздарды жана кайрылууларды жолдошкон", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле атайын кызмат кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин, учурда башка алдамчылык кылмыштарына катыштыгы бар экендигин аныктоо иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан