Араванда карактоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Ош ОИИББинен билдирди.
Маалым болгондой, 22-апрелде милицияга Юсупов айыл аймагынын 2002-жылы туулган Х.А. аттуу тургуну денесинен жараат алып, аймактык ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө тобу барып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган.
"Жабырлануучу Х.А. 21-апрелде саат 23:30 чамасында унаасын башкарып бара жатканда, ак түстөгү башка унаа сүзүп токтоткон. Унаадан беткап кийген, жашы болжол менен 30-35 чамасындагы жарандар түшүп, жабырлануучуга бычак такап коркутуп, билегин кескилеп, тез арада 2 миллион сом таап коюусун айтышкан. Андан соң унаасын тартып алып, белгисиз тарапка кетип калышкан", - деп айтылат маалыматта.
Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Араван районунун 1992-жылы туулган С.Т. аттуу тургуну Бишкек шаарында из жашырып жүргөн жеринен кармалса, Өзгөн районунда 1993-жылы туулган Х.Ш. аттуу чет өлкөнүн жараны Өзгөндөн кармалган. Шектүүлөр камакка алынышкан.
Учурда алардын башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат.