Токмок шаарында 2 жаштагы баланы унаа сүзүп кетип каза болду. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, 30-апрель күнү саат 13:50дө милицияга 2022-жылы туулган баланын жансыз денеси аймактык ооруканага жеткирилгендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча каттоого алынып, иликтөө иштери башталган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 1993-жылы туулган Р.С. аттуу жаран өзүнүн Мерседес Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаасын артка айдап жатып, 2022-жылы туулган баланы сүзүп алганы белгилүү болгон. Ал эми наристе алган жаракатынан улам каза болгон.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.