Базар-Коргондо изделип жаткан 23 жаштагы Гаухар табылды

Базар-Коргон милициясы тарабынан изделип жаткан Абдукаххарова Гаухорой табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
21-апрель күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан Абдукаххарова Гаухорой массалык маалымат каражаттары аркылуу издөө жарыялангандан кийин, кечээ, 30-апрель күнү окурмандардын жардамы менен аман-эсен өз үйүнө кайтып келди.
Ата-энеси кайдыгер эмес жарандарга жана милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирген.
Базар-Коргон шаарынын Махмадали-Хажы көчөсүнүн №3 үйүнүн тургуну 2001-жылы туулган Абдукаххарова Гаухорой Абдувахидовна 21-апрель күнү саат 08:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Облустук милиция ага издөө жарыялаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан