"Портерди токтотконго жетишпей". Сузактагы үрөй учурган кырсыктын видеосу тарады

Сузак районунда Hyundai Porter унаасы "Манас" айтып жаткан окуучуларды тебелеп кеткен окуянын видеосу интернетке тарады.

Видеодон көрүнгөндөй, иш-чарага миңден ашуун адам катышып жаткан. Ошол маалда өйдө жактан Hyundai Porter унаасы күү менен келип туруп, тизилип турган окуучуларды тебелеп кеткен.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги кырсыктан 29 бала жабыркаганын, алардын жетөө реанимацияга жаткырылганын билдирген.

Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБ дагы маалымат берген. Милициянын маалыматына ылайык, Hyundai Porter унаасын айдоочусу токтотуп койгондо унаа жүрүп кеткен.

Сузактагы кырсык.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан