Сузактагы кырсык: Портердин айдоочусу үй камагына чыгарылды

Сузактагы манас айтуу учурунда балдарды сүзүп кеткен Портердин айдоочусу үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Жалал-Абад шаардык соту кабыл алганын облустук милиция маалымдады.

3-майда айдоочуга Сузак райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин "автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Ал көрсөтмөсүндө балдарга бекер балмуздак таратканы барганын, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан таттууну кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда машинасы ылдыйга түшүп кеткенин айткан. Ошондой эле артынан токтотконго аракет кылып, жетишпей калганын да кошумчалаган.

Эске салсак, 2-май күнү Сузактагы Катмы жайлоосунда “Манас” айтып жаткан балдарды Porter автоунаасы жылып кетип, сүзгөн. Кырсыктан 35тей бала жабыркаган. Алардын ичинен абалдары оор деп бааланган 10 бала атайын борт менен Бишкекке жеткирилип, ооруканага жаткырылган.

Бүгүнкү күндө балдардын арасынан баш сөөгү сынган кызга жана ээги, жаагы жабыркаган эки балага операция жасалганы маалымдалды. Дарыгерлер бейтаптардын баарынын абалы туруктуу деп баалоодо.

Кырсыктын бардык жагдайларын тактоо үчүн атайын комиссия түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан