БУУ 25-майга жаңы майрамды ойлоп тапты

Дүйнө жүзүндөгү футбол күйөрмандары эми дүйнөдөгү эң сүйүктүү жана эң популярдуу болгон бул спорт түрүн 25-майда майрамдай алышат.

БУУнун Башкы ассамблеясы кечээ, 7-майда 25-майды Дүйнөлүк футбол күнү деп жарыялоо боюнча резолюция кабыл алды. Бул күнү, тагыраагы, 1924-жылдын 25-майында Парижде өткөн Жайкы Олимпиада оюндарынын жүрүшүндө тарыхта биринчи жолу өткөн эл аралык футбол турниринин 100 жылдыгы белгиленет.

193 мүчөдөн турган Башкы ассамблея резолюцияны 160 өлкөнүн жактыруусу менен кабыл алды.

Резолюция бардык өлкөлөрдү тынчтыкты чыңдоочу курал катары футболду колдоого жана 25-майда ар бир адамды улуттук артыкчылыктарга ылайык Бүткүл дүйнөлүк футбол күнүн майрамдоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан