Ошто контрабандалык дары-дармек сатып жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Ички иштер министрлигинен билдирди.
Ага ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына А. аттуу жаран Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында уруксат берген документтери жок контрабандалык дары-дармектерди сатып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2014-жылдагы буйругуна ылайык, аталган дары-дармектер дарыгердин рецепти боюнча гана берилет, ал эми бул препараттарды өлкө аймагында сатууга лицензиясы бар медициналык мекемелер аркылуу гана жүгүртүүгө уруксат берилет.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренеси (мыйзамсыз ишкердик же банктык иш) менен кылмыш иши козголгон.
3-май күнү ИИМдин БМЖКККнын жана УКМКнын алдындагы Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Ош шаарында ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп, натыйжада 2005-жылы туулган А.Э. аттуу жаран кармалган.
Анын автоунаасын кароо учурунда тийиштүү документтери жок дары-дармектер алынган. Дары-дармектердин жалпы баасы 1 миллион сомдон ашат.