Ысык-Көлдө көмүскө алкоголдук ичимдиктерди чыгарган цехтер аныкталды

Ысык-Көлдө колго жасалган алкоголдук продукцияларды өндүрүү боюнча көмүскө цехтер аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган цехтер тиешелүү каттоодон өтпөстөн өндүрүштүк стандартка жооп бербеген жана сапаты өлкө калкынын ден соолугуна терс таасирин тийгизген контрафакттык алкоголдук продукцияларды чыгаргандыгы такталган.

Атайын кызмат облус аймагындагы мындай цехтер Алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте аныкталганын белгилеп, өлкө аймагында ушул сыяктуу көмүскө цехтерди аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан