Бүгүн, 17-июнда Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Кыргызгидромет билдиргендей, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө +30…+35;
Талас облусунда +27…+32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +32…+37;
Ысык-Көлдө +22…+27;
Нарын облусунда +23…+28;
Бишкекте +32…+34 градус жылуу болот.