"Ал уникалдуу оюнчу". Килиан Мбаппе Криштиану Роналду тууралуу айтты

Футбол боюнча Франция курама командасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналдуга болгон мамилеси тууралуу айтты. Бул туурасында Tengri Sport басылмасында жазылды.

"Мен ага канчалык суктанарымды баары билет. Биз азыр деле байланышып турабыз. Ал футбол легендасы болуп кала берет, бирок эртеңки оюнда биз утарыбызга ишенип турабыз.

Ага эмнеге суктанам? Аны баалай билиш керек. Ал уникалдуу оюнчу. Анын резюмеси баарын айкындап турат. Сыйлайм аны. Мындай оюнчу бирөө гана. А мен жөн гана өз жолум менен жүргүм келет. Мен "Реал Мадридде" сонун баракча жазам деп үмүттөнөм, бирок ал башкача болот", - деген Мбаппе.

Буга чейин Криштиану Роналду Евро-2024 ал үчүн акыркы турнир боло турганын айткан.

Белгилей кетсек, эртең, 6-июлда Португалия менен Франция жана Англия менен Швейцария беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан