АКШ Жапониядагы аба күчтөрүн жаңылайт

АКШ Жапониядагы өзүнүн аскер-аба күчтөрүн жаңылай турганын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматтарга караганда, АКШ мындай кадамга Орусия, Кытай жана Түндүк Корея тараптан күчөп жаткан коркунучтарды эске алуу менен барууда. Андыктан Жапонияда жайгашкан өзүнүн аба күчтөрүн модернизациялоо чечимин кабылдаган. Тагыраагы, Кошмо Штаттар Кадена, Мисава аскер-аба күчтөрүнүн базаларына, ошондой эле Ивакунидеги деңиз флотунун базасына заманбап истребителдерин жайгаштырууну ниеттенип жатат.

Пентагон 30 жылдан ашуун кызматта болгон F-15C/D Eagle согуштук тик учактарын Кадена аба базасынан чыгарып, ордуна акыркы F-15EX Eagle II үлгүсүндөгү тик учактарын киргизүүнү пландаган.

Кадена - Жапониянын түштүк-батышындагы Окинава аралында жайгашкан америкалык ири аскердик борбор. Тайванга жакын жайгашкандыктан АКШнын аба күчтөрү үчүн маанилүү база болуп саналат. Ошондой эле аталган эки аскердик базадагы тик учактарды дагы жаңылоону маалымдаган.

АКШ союздаш өлкөдөгү аскерий базаларындагы эскирген согуштук тик учактарын модернизациялоого 10 миллиард доллар жумшаарын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан