"Көрүстөнгө кетишкен". Казакстанда талаада адашып кеткен жарандар аман-эсен табылды

Казакстанда көрүстөнгө барабыз деп талаадан адашып кеткен казак жарандары 10 сааттан кийин аман-эсен табылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Ага ылайык, полицияга тургун арыз менен кайрылган. Анда 6-июлда туугандары көрүстөндү көздөй унаа менен кеткенин, бирок байланышка чыкпай жаткандарын айткан.

Кайрылуудан кийин аларды издөө иштери башталган.

Полиция кызматкерлери Степногорск шаарынан 30 чакырым алыстыктан унаанын айдоочусун табышкан.

"Унаа жаандан улам баткакка тыгылып, бузулуп калган. Айдоочу шаарды көздөй жөө жөнөп, бирок жолдон адашып кеткен. Алар аман-эсен табылып, тиешелүү жардамдар көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.




                                            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан