"Сүрөткө тарткысы келген". Испаниялык турист пилдин кол салуусунан каза тапты

Түштүк Африкада испаниялык турист пилди сүрөткө тартам деп каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Tengri Travel агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 43 жаштагы испаниялык турист Пиланесберг улуттук паркына үч адам менен барган. Туристтер пилдердин үйүрүн, анын ичинен бир нече пилдин баласын байкашкан. Алардын бири унаадан түшүп, пилди сүрөткө тартууну чечкен.

"Жергиликтүү туризм башкармалыгынын өкүлү Питер Нел үйүрдүн чоңу пилдин балдары ошол жерде болгонуна кыжырданып, туристке кол салганын айтты. Анын артынан үйүрдөгү башка пилдер да туристке залал келтиришкен", - деп жазылат анда.

Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, көп өтпөй алган жаракатынан улам каза болгон.

"Паркка келгендер пилдердин жапайы жаныбарлар экенин түшүнүшү керек. Алар селфиге түшүүнү же жакыныраак сүрөткө тартууну коркунуч катары кабыл алышы мүмкүн. Бул трагедиялуу кесепеттерге алып келет", - деди парктын конокторунун бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан