Париж Олимпиадасында дүйнөлүк рекорд жаңыланды

Түштүк кореялык Лим Си Хён Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарында жаа атуу боюнча жаңы дүйнөлүк рекорд койду.

21 жаштагы спортчу мүмкүн болгон 720 упайдан 694 упай топтоп, квалификацияны жеңип алды. Ал муну менен 2019-жылы 692 упай топтогон мекендеши Кан Чэ Ёндун рекордун жаңылады.

Бул Париждеги оюндарда коюлган биринчи дүйнөлүк рекорд.

Дүйнөлүк рейтингде экинчи орунда турган Лим Си Хён 2023-жылы командалык мелдеште дүйнө чемпиону болгон. Париж анын дебюттук Олимпиадасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан