Жоламан Шаршенбеков Олимпиададан кийин салмагын өзгөртүшү мүмкүн

Дүйнөлүк күрөш уюму кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков тууралуу даярдаган видеосун кечээ, 25-июлда жарыялады. Аталган тасма быйыл апрелде тартылган.

Анда Шаршенбеков Олимпиада оюндарында ийгилик жараткандан кийин 67 килограмм салмак ченине өтүүнү пландап жатканын айткан.

"67 салмактагы күчтүү балбандардын бардыгы менен күрөшкүм келет. Күчтүүлөр менен кооз күрөш көргөзгүм келет. Ушул Олимпиададан кийин 67 килограмм салмакка жакшы дайындык менен барам", - деген ал.

Ошондой эле кыргыз балбаны максаттарына жетмейинче аракет кыла берерин билдирген.

"Агайларыбыз менен бирге иштеп, эмгектин артынан Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болдук. Мен өзүмдүн келечегим үчүн күрөшүп жатам. Кичинекей кезимден бери Олимпиаданын, дүйнөнүн, Азиянын көп жолу чемпиону болом деген максатым бар. Ал максаттарыма толугу менен жете элекмин. Бул максаттарыма жетмейинче аракет кыла берем", - деген ал.

Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков Францияда өтүүчү Жайкы Олимпиада оюндарына грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмакта катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан