23 жолку Олимпиада чемпиону Майкл Фелпс тууралуу эмнелерди билесиз? 

39 жаштагы суучул Майкл Фелпс адамзат тарыхындагы эң титулдуу спортчу - 4 Олимпиаданын 23 жолку чемпиону. Ал 2004-жылы Афиныда, 2008-жылы Пекинде, 2012-жылы Лондондо жана 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн олимп оюндарына катышкан.

Жалпысынан Фелпстин коллекциясында 28 Олимпиада медалы жана Дүйнөлүк чемпиондуктарда жеңген 26 алтын медалы бар.

Майкл Фелпс 1985-жылы 30-июнда АКШнын Балтимор шаарында төрөлгөн. Анын эки эжеси бар. Ал үй-бүлөсүндө 3-бала болгондуктан аябай эрке жана гиперактивдүү болуп чоңойгон.

Фелпс 7 жашынан баштап сууда сүзө баштаган. Анын ата-энеси уулунун гиперактивдүүлүгүн басуу үчүн сууда сүзүүгө берген.


Башында баары оңой болгон эмес. Фелпс жадакалса башын сууга салуудан корккон. Андан соң
ал жаңы окуучуга олуттуу мамиле кылган машыктыруучунун көңүлүн бат эле өзүнө бура алды. Коркуудан башталган сууда сүзүү кийин бардык курактагы балдар жана жаштар арасында АКШнын рекорддорун жаңылоого жеткизди. Ошентип негизги командага талапкер болгон.

Фелпстин чоңдор арасындагы биринчи жеңиши бир жылдан кийин, 2001-жылы өткөн Дүйнөлүк чемпиондукта келген. Ал алгачкы жеңишинде эле америкалык күйөрмандарынын көңүлүн бурган.

Фелпстин олимп оюндарына катышуусу...

2000-жылы Сидней Олимпиадасында 15 жаштагы Фелпс 68 жылдан кийин АКШнын эң жаш сууда сүзүүчүсү болгон. Ал анда 200 метрге баттерфляй менен сүзүүдө гана жарышка чыгып, финалда бешинчи орунду ээлеген.

2004-жылы Афины Олимпиадасында 19 жаштагы Фелпс 8 медалга ээ болгон. Анын ичинен 6 алтын жана эки коло утуп, үч Олимпиада рекордун жана бир дүйнөлүк рекорд койгон.

2008-жылы Пекин Олимпиадасында Фелпс өзү катышкан ар бир мелдеште жеңишке жетип, 8 алтын медалга ээ болуп, 1972-жылкы Мюнхен Олимпиадасында Марк Спицтин 7 алтын медалынын рекордун жаңыртып, 14 жолку Олимпиада чемпиону болгон. Ошентип фин спортчусу Пааво Нурми, америкалык спортчулар Карл Льюисти жана Марк Спицти утуп, заманбап Олимпиада оюндарынын тарыхындагы эң титулдуу спортчусу катары өзүн көрсөттү.

2012-жылы болгон Лондон Олимпиадасында 4 алтын, 2 күмүш медаль алды. 18 алтын, 2 күмүш, 2 коло медаль алып, советтик гимнаст Лариса Латынинанын 48 жыл бою сакталып келген рекордун жаңылады.

Лондондон кийин Майкл чоң спорттон кетүүнү чечип, күйөрмандары менен коштошкон. Көп өтпөй өзүн колго алып, кайра спортко кайткан. Анын көптөгөн мекендештери жана өзгөчө атаандаштары үчүн бул жаңылык күтүүсүз болгон.

2016-жылкы Рио Олимпиадасында Фелпс 4х100 жана 4х200 метрге эркин стилдеги эстафетада, 4х100 метрге аралаш эстафетада, 200 метрге баттерфляй менен сүзүүдө жана 200 метрге комплекстүү сүзүүдө 5 алтын медалга ээ болуп, күйөрмандарын кайдыгер калтырган жок. Ал 200 метрге жеке жарышта жеңишке жетип, 4 Олимпиадада бир эле мелдеште алтын медалды жеңип алган эң алгачкы сууда сүзүүчү болду.

Муну менен рекордун жаңылап, 23 жолку Олимпиада чемпиону аталды. Бул анын акыркы беттештери болчу, мындан соң ал спорттогу карьерасын жыйынтыктаган.

Майкл жана анын үй-бүлөсү тууралуу кызыктуу фактылар:

Анын апасы Дебби Майклдын бардык жетишкендиктерин ар дайым трибунадан көрүп келген.

Айтмакчы, Майкл Фелпс Деббинин бассейнге алып барган биринчи баласы эмес. Кыздары Хилари менен Уитни да спорттун бул түрү боюнча олимпиадалык карьераны кыялданышкан. 1996-жылы Фелпс эжеси Уитнинин Олимпиадалык сыноолорго аракет кылганын көргөн. Ал 200 метрге баттерфляй ыкмасы менен сүзүүдө алтынчы болуп, Олимпиадага жолдомо ала албай калган.

Бирок Майклдын үй-бүлөсү анын медалдары жана келечектеги ийгиликтеринин бакыты үчөө үчүн жетиштүү деп ойлошкон.

Жеке жашоосу...

2007-жылы ESPY сыйлыгын тапшыруу аземинде Майкл Фелпс модель Николь Жонсон менен таанышкан. Алар 2012-жылы баш кошушкан.

Анын жубайы 2016-жылдын май айында Бумер Роберт аттуу биринчи баласын жарык дүйнөгө алып келген. Ошол эле жылы алар никесин расмий түрдө катташкан. 2018-жылдын февраль айынын ортосунда Майкл Фелпс экинчи жолу ата болуп, анын жубайы Бекетт Ричард аттуу уул төрөгөн. Бир жылдан кийин түгөйлөрдүн үчүнчү уулу Маверик Николас төрөлүп, 2024-жылдын январында төртүнчү уулу Нико жарык дүйнөгө келген.

Белгилей кетсек, спортчу учурда чоң спорттон алыстап, үй-бүлөсүнө жана кайрымдуулукка убакыт бөлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан