Бүгүн, 7-августка каранган түнү Парижде өтүп жаткан Олимпиадада коло медалын утуп алган кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбековду президет Садыр Жапаров куттуктады. Ал балбандын күрөшү келечек муунга үлгү экендигин белгилеп, алдыда далай Олимп оюндары күтүп тургандыгын айтты.
"Азаматсың! Сенин коло медалың алтынга тете. Сен алтын же күмүш албай калдым деп капа болбо. Дүйнө жүзүндөгү алдыңнкы спортчулардын дагы Олимп оюндарында коло медал уткандыгы чоң ийгилик. Ар бир кармашыңды жалпы кыргызстандыктар жана анын ичинде мен да бир дем менен көрүп жаттык. Сени баатыр мүнөз кыргыз элиң, калдайган Ала-Тооң ар дайым колдоп, көтөрүп алат. Дуңуңду түшүрбөгүн. Далай жолу Олимпиадага катышасың. Келечегиң алдыда", - деди Садыр Жапаров.