Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын улук машыктыруучусу Байгазы Кенжебаев Мээрим Жуманазарованын Париж Олимп оюндарындагы финалдык беттеши тууралуу пикирин билдирди.
Анын айтымында, спортчу финалдык беттеште тактикалык каталарды кетирген.
"Мээримдин алган жаракатын эске алганда ал жакшы күрөштү. Өзүнүн өжөрлүгү менен финалга чыкты. Анда тактикалык ката кетирдик. Мээримдин күмүш медалы кыйынчылык менен келди. Ал абдан жакшы күрөштү. Эгерде ага операция жасалганда, ал бул жерде күрөшө алмак эмес. Айрымдар анын күрөшө албай калышы мүмкүн экенин айтышкан. Бирок анын колунан келди, финалга чыкты.
Бул спорт. Анда өйдө-ылдыйлар болуп турат. Мээрим Азия оюндарынан кийин колун дарылатуу үчүн мелдештерге катышкан жок. Спортто жеңгендер да, жеңилгендер да болот", - деген Кенжебаев.
Белгилей кетсек, бүгүн, 7-августка караган түнү Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдештин финалында америкалык Эмит Элор менен беттешти. Анда ал атаандашынан 0:3 эсебинде жеңилип, күмүш медалга ээ болду.