Эртең оюн. "Ак шумкарлар" Доха шаарына келишти

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Катар курамасына каршы ойноо үчүн эртең менен Доха шаарына келди.

"Ак шумкарлар" буга чейин окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп, Сауд Арабиясында жүрүшкөн.

Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагындагы Катар–Кыргызстан беттеши эртең, 10-октябрда Доха шаарындагы 44 миң көрүүчү бата турган "Аль-Тумама" стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

"Аль-Тумама" стадиону Катарда өткөн Дүйнө чемпиондугуна карата курулган стадион. Стадион 2021-жылы ачылган. Бул стадиондо Дүйнө чемпиондугунун 8 оюну өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан