АКШнын президенти Дональд Трамптын Ирандын жогорку лидери Али Хаменеиге жолдогон каты келе элек. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи билдирди.
"Кат жазылды, бирок ал бизге келе элек. Жакынкы арада араб өлкөлөрүнүн биринин өкүлү аны Тегеранга жеткирет деген келишим бар", - деген ал брифингде.
Буга чейин Трамп Хаменеиге Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүнү сунуштаган билдирүү жөнөткөнүн айткан. Иран лидери буга комментарий берип, АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй турганын, анткени Вашингтон өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлоорун айткан.