Бүгүн, 13-октябрда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда, кыргыз милициясынын 100-жылдыгына карата, кармашып урушуу боюнча Ички иштер министринин кубогунун ачылышы өткөрүлдү. Бул туурасында мекемеден кабарлашты.
Ага ИИМдин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ички аскерлердин кол башчысы Дамир Алыбаев, кармашып урушуу федерациясынын президенти Рамис Кыдыралиевдер катышты.
Ички иштер министринин орун басары спорт, дене тарбиялык даярдык күжүрмөн-кызматтык милдеттерди аткарууда чоң мааниге ээ экенине токтолуп, катышуучуларга ийгилик каалады.
Айта кетсек, аталган мелдешке күч түзүмдөрдүн 16 командасы күч сынашууда. Мелдеш эртең, 14-октябрда жыйынтыкталат.