Кыргызстан - Түндүк Корея: MegaTV’ни иштетип, биздикилерди колдо!

Бүгүн,15-октябрда Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Түндүк Кореянын улуттук курама командаларынын ортосунда маанилүү футбол беттеши өтөт. Оюн 2026-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын үчүнчү тандоо раундунун төртүнчү турунун алкагында өтөт. Беттеш саат 20:00дө башталат, ал эми стадиондун дарбазалары саат 18:00дөн тарта көрүүчүлөр үчүн ачык болот.

Бул беттеш тарыхта биринчи жолу Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо оюндарынын 3-раундуна чыккан Кыргызстан курама командасы үчүн өзгөчө мааниге ээ. Алардын үйдөгү аренасында күйөрмандардын колдоосу команда үчүн абдан маанилүү. Футболчулар өздөрүнүн мыкты сапаттарын көрсөтүп, дүйнөнүн башкы футбол таймашына чыгуу мүмкүнчүлүгү үчүн күрөштү улантууга ниеттенишүүдө.

Ал эми оюнду көрүүгө бара албасаңыз, анда MegaTV мобилдик колдонмосунун «УТРК Спорт» каналында беттешти түз эфирде көрүүгө сонун мүмкүнчүлүк бар. MegaTV колдонмосу аркылуу (App Store жана Google Play) күйөрмандар оюнду үйдөн чыкпастан, жада калса жолдо баратып да көрө алышат. Колдонмо ыңгайлуу интерфейс жана көптөгөн пайдалуу функциялар менен жогорку сапаттагы берүүлөрдү сунуштайт. Оюнду каалаган түзмөктөн – смартфон, планшет, Smart TV же megatv.kg веб-интерфейси аркылуу компьютерден көрүүгө болот.

Ал эми борбор калаанын башкы стадионунда өтүп жаткан таймаштарда күйөрмандар оюндан рахат алып гана тим болбостон, достору жана жакындары менен реалдуу убакыт режиминде кызыктуу учурларды да бөлүшө алышат. Мунун баары MEGAдан акысыз Wi-Fi аркылуу жеткиликтүү.

Кантип кошуп алса болот?

1. MEGA_WiFi тармагын табасыз

2. Өзүӊүздүн MEGA телефон номериңизди киргизесиз

3. Код менен SMS аласыз

4. Кодду терип, жогорку ылдамдыктагы Интернетти акысыз пайдаланыӊыз!

Эскерте кетсек, бул таймаш 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо циклинин бир бөлүгү болуп саналат жана ар бир упай чоң мааниге ээ. Бул, тарыхый оюнда кыргызстандык күйөрмандар өз командасын колдоо үчүн кайталангыс мүмкүнчүлүк.

Унутулгус футбол кечесин өткөрүп жибербеңиз!

MEGA - ӨЗYБYЗДYН байланышты танда, ӨЗYБYЗДYН спортчуларыбызды колдо!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан