Кыргыз балбаны Абдымалик Карачев Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спортчу 57 килограммга чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/8 финалдык беттеште кытайлык балбанды 9:4 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.
1/4 финалдык беттеште американын балбанын 1:1 эсебинде, жарым финалдык беттеште ирандык Али Носсейинди 4:3 эсебинде утуп финалга чыкты.
Алтын медаль үчүн беттеште индиялык спортчу Чираг Чирагга жеңилип, өз салмагында күмүш медалга ээ болду.