Желекти өзгөртүүгө каршы чыгып камалган активист Жоробековго сот өкүм чыгарды

Бишкектин Ленин райондук соту мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, кылмыш иши козголгон жарандык активист Афтандил Жоробековго өкүм чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Бишкек шаардык сотунан билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн райондук сот аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен күнөөлүү деп таап, 70 миң сом айып пул салды.
Бул берене боюнча 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салуу же 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Жоробеков былтыр декабрда желекти өзгөртүүгө каршы чыгып, митинг өткөрүүнү пландаган. Активист 9-декабрда массалык башаламандыкка чакырууга шектелип кармалган. Ал быйыл 15-июнда эч жакка кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан