Бишкекте коррупцияга шектелген кызмат адамы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин кызматкерлери тарабынан жасалма документтердин негизинде 1 миллион 800 миң сомдук курулуш иштери жүргүзүлгөндүгү жөнүндө ыкчам маалымат келип түшкөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө, Маданият министрлигине караштуу мекемелердин биринин жетекчиси, 1992-жылы туулган Б.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары уланууда.