Ишкер Имамидин Ташов сот залында өзүнө өзү кол салды (видео)

Ишкер Имамидин Ташов сот залында өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда таралууда.

Видеодо Ташов СИЗОдогу баш коргоо чарасын узартуу боюнча соттун чечими жарыялангандан кийин белгисиз нерсе менен тамагын бир нече жолу кесип салууга аракет кылган. Аны конвойлор токтотуп калышты.

Анда баары сот залынан чыгарылып, "Тез жардам" кызматы чакыртылган.

Белгилей кетсек, Имамидин Ташов Чүй облусунун Кайыңды айылында кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 22-апрелде билдирген.

30-октябрда ишкер Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө кол салды деген маалымат тараган. Аталган окуя боюнча УКМК маалымат берип, Ташов коомчулуктун көңүлүн буруу максатында атайылап өзүнүн ден соолугуна залал келтиргенин билдирген.

Ал эми Ташовдун жактоочусу Самат Матцаковду 29-ноябрда УКМКнын кызматкерлери кармат кеткен. Алдамчылыкка шектелип кармалган Матцаков 30-декабрга чейин камакта калтырылмай болгон.

Имамидин Ташов
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан