Бишкекте "Качкын" тасмасынын жабык көрсөтүүсү өттү (видео)

Бишкек шаарындагы кинотеатрлардын биринде "Качкын" тасмасынын жабык көрсөтүүсү болуп өттү. Иш-чарада режиссёр Дастан Жапар тасмада замандын курч көйгөйү - заманбап кулчулуктун жүзүн ачып берүүгө аракет кылганын билдирди.

"Тасманын жаралышына түрткү болгон идеялар - заманбап кулчулук көйгөйү. Бул Кыргызстандагы чоң көйгөйлөрдүн бири. Негизи бул көп айтылбайт. Маалыматтарга көп чыга бербейт. Бирок ага карабай өлкөдө актуалдуу десем болот.

Ошондуктан бул теманы көтөрүшүбүз керек. Биздин тасмабыз жарандарга маалымат катары деле таасир берсе, ушул теманын ойлонуп, ошол аркылуу өздөрүнүн укуктарын коргой алса" дейт режиссёр.

Белгилей кетсек, кино сүйүүчүлөрдү гана эмес, жалпы коомчулукту ойго салчу бул тасма жакынкы күндөрү кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.

Видеорепортажды толугу менен порталдын ютуб каналынан көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан