Токмоктун мурдагы мэри Урматбек Самаев акталды

Жогорку Сот Токмок шаарынын мурдагы мэри Урматбек Самаевди актаган өкүм чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Сот 13-январда Токмок шаардык сотунун 2024-жылдын 9-февралындагы жана Чүй облустук сотунун 18-июлдагы өкүмдөрүн жокко чыгарган. Тагыраагы, Урматбек Самаевге Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен козголгон иш кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу токтотулган.

Ал эми шаардык жана облустук соттун калган чечимдери өзгөртүүсүз калтырылган.

Эске салсак, былтыр 9-февралда Токмок шаардык соту Самаевди Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен актап, 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен күнөөлүү деп таап, 1 миллион сом айып салган. Бул чечимди Чүй облустук соту 18-июлда күчүндө калтырган.

Урматбек Самаев 2023-жылдын 17-апрелинде УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат ал "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасындагы коррупцияга байланыштуу кармалганын маалымдаган.

УКМК андан үч күн мурун "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасынын борбордук жылуулук трассасына үйлөрдү мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталганын, келтирилген зыян 25 миллион сомдон ашык сумманы түзгөнүн билдирген.

Ал эми 2020-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 1-мартына чейинки аралыкта күйүүчү майды негизсиз эсептен чыгаруудан жана Токмок шаарындагы жылуулук энергиясы менен камсыздоого алынган каражаттарды мыйзамсыз пайдалануудан келтирилген зыян 130 миллион сомдон ашык сумманы түзгөнү айтылган.

Ал өзүнө коюлган айыптар негизсиз экенин айтып, “19 үйгө 135 миллион сом коюп жаткандыгы кейиштүү болуп турат. Мага 25 миллион сом коюп жатат. Үйлөр 2016-2017-2018-жылдарда кошулган экен. Ал убакта башкалар иштеген да. Менин кандай күнөөм болушу керек?деген.

29-апрелде анын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. Айрым маалымат каражаттары күч органдарындагы жеке булактарына таянып, Самаев күнөөсүн моюнуна алып, тергөө менен келишим түзүп, 25 миллион сом төлөгөнүн жазышкан.

38 жаштагы Урматбек Самаев 2021-жылы августта Токмок шаарынын мэри болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан