Ырчы Амирчик эң алгачкы кыргызча ырына клип тартты

Кыргызстандык ырчы Амирхан Батабаев (Амирчик) эң алгачкы кыргызча ырына клип тартты. Бул тууралуу ырчы мырза Инстаграм баракчасына бөлүштү.

"Көптөн күткөн кыргызча ырыма клип тарттык. Колдооңуздар үчүн баарыңыздарга рахмат, сиздер болбосоңуздар булар жаралмак эмес", - деп билдирүү калтырган ал.

Амирчик "Кандай" аттуу кыргыз тилиндеги чыгарманы эки ай мурда ырдап чыккан. Ал эми учурда аталган ырга тартылган клип Ютуб каналга жүктөлгөн.

Белгилей кетсек, ырчы Амирчик 2003-жылы 23-октябрда Чүй облусунда жарык дүйнөгө келген.

Ырчы социалдык тармактагы баракчаларында миллиондогон катталуучу топтой алган. Ошондой эле ал Кыргызстандан башка Орусиядан баштап, Азия, Малайзия жана Сингапурга чейин өз күйөрмандарын чогултууга жетишкен. Анын аткаруусундагы "Улетаю прочь", "Розовый вечер", "Эта любовь" жана башка чыгармалары хит ырларга айланды.

Амирчик "Кандай"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан