Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга бир жаран арыз менен кайрылган. Ал бир адам 2022-жылдын апрель айынан 2023-жылдын декабрь айына чейин ишеничине кирип, Анарбак жаңы конушундагы жер тилкесин трансформацияга чыгарып берем деген шылтоосу менен 2 миллион 300 миң сомун алдап кеткенин айткан.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 35 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар-жогу аныкталууда.