Англиянын "Манчестер Сити" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Хосеп Гвардиола лондондук "Челси" клубуна каршы оюнда өзбекстандык Абдукодир Хусановду оюнга негизги курамда чыгарып, ката кетиргенин мойнуна алды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.
"Билесиңерби, канча борбордук коргоочулар Хусановдой каталарды кетирет. Мен аны күнөөлөгөн жокмун, тескерисинче, ал даяр боло электе негизги курамда оюнга чыгарганым үчүн өзүмдү күнөөлөшүм керек. Ал эми коргоочулар жөн гана оюнун өркүндөтүшү керек.
Мен аны "Челсиге" каршы оюнунда болгон күнөөлөгөн эмесмин жана бир эле машыгуудан кийин келген оюнчуларга андай кылбайм. Чынын айтсам, ал жардамга муктаж. Жаңы өлкөдө, Премьер-Лигада, башка тилде сүйлөшкөн жаңы командада дебют кылганымда Хусановдун ордунда мен деле болсом жардамга муктаж болмокмун.
Азыр Хусановдо баары жакшы, машыгуусун мыкты деңгээлде улантып жатат", - деген Гвардиола.
Эске сала кетсек, Абдукодир Хусанов "Манчестер Ситинин" курамында "Челси" менен болгон беттеште дебют жасаган. Анын дебюттук оюну ийгиликсиз болгон. Тагыраагы, 3-мүнөттө ката кетирип, атаандаштары гол киргизип кеткен. Арадан 1 мүнөт өткөндөн кийин сары айып кагазын алып, экинчи бөлүк башталганда алмашууга кеткен.