Баткенде батирге жаш бала бекилип калып, аны 4 куткаруучу куткарды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы батирде бекилип калган бала куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалымдагандай, бүгүн, 5-февралда ӨКМге көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирдин эшиги бекилип калгандыгы тууралуу чалуу түшкөн. Жерине 4 куткаруучу жиберилген.

Алар көп кабаттуу үйдүн терезеси аркылуу кирип батирдин эшигин ачышкан жана ичинде калган баланы аман-эсен куткарып, ата-энесине өткөрүп беришкен.

ӨКМ баланын абалы жакшы экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан