Нурланбек Тургунбек уулу Өзбекстандын элчисин кабыл алды

Бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаевди кабыл алды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда кыргыз-өзбек алакаларынын учурдагы абалы, эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Алгач төрага Саидикрам Ниязходжаевди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, дасыккан, тажрыйбалуу элчи катары боордош эки элдин байланышын жаңы деңгээлге көтөрөрүнө ишенерин билдирди. Өз кезегинде жаңы элчи Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында жасай турган иштери тууралуу учкай маалымат берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан