Чүйдүн Чокморов айылындагы менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чокморов айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта УКМКдан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2000-жылы мектепке чейинки билим берүү мекемесин жоюу жолу менен атайын администрациялоо процедурасы башталган, андан соң жанаша аймагы менен кошо бала бакча Чокморов айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилген. Бирок кийин социалдык объект жеке менчикте болуп, максатсыз пайдаланылган.

Ошону менен бирге 2008-жылы инфраструктуранын социалдык объекттерин үчүнчү жактарга өткөрүүгө тыюу салган колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларга карабастан, аталган бала бакча 89 сотых жанаша жайгашкан аймагы менен жеке менчикке өткөрүлүп берилген.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 28-февралда бала бакчанын ээлери кыймылсыз мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын эске алып, өз ыктыяры менен Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан