"Кыргыз тили мен үчүн маанилүү". Стамбулдук түрк кызынын видеосу коомчулукту суктандырууда (видео)

"Кыргыз тили маанилүү, анткени бул жер Кыргызыстан". Мындай билдирүүсүн 5 ай мурун Кыргызстанга келген түрк кызы айтты.

Социалдык баракчанын колдонуучулары Арстан аттуу фотографтын видеосу менен бөлүшүп, жылуу пикирлерин калтырышууда.

Тасмада эски борбордук аянтта майрамдык иш-чарада жүргөн кыздын сүрөткө түшүп жаткандыгын көрүүгө болот. Анда Юсра аттуу кыз фотограф менен баарлашып, Кыргызстанда орусча эмес кыргыз тилинде сүйлөө ал үчүн маанилүү экендигин билдирген. Ошондой эле ал Стамбулдан 5 ай мурун келгендгин айтып кыргыз тилин өздөштүргөндүгүн кошумчалаган.

Коомчулукту суктандырган түрк кызы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2025-04-25 23:35:00
Бул кыз кечээ такси чакырып аны менен кошо да 2 түрк туугандарды жеткирдим эле чындыгында кыргызча жакшы сүйлөйт экен. Жакында эле келиптир аябай суктандым биздин киргиздерге караганда алда канча таза сүйлөйт экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан