Орусиянын президенти Владимир Путин Курск аймагында Украинанын куралдуу күчтөрүнө каршы турууда катышкан Түндүк Кореянын армиясына ыраазычылыгын билдирди. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.
"Кореялык достор тилектештиктин, адилеттүүлүктүн жана жолдоштуктун сезимин чын ниеттен билдирди. Биз муну жогору баалайбыз жана мамлекеттик иштер боюнча төрага жолдош Ким Чен Ынга, КЭДРдин бүткүл жетекчилигине жана элине чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Курск аймагында Украинанын куралдуу күчтөрүн талкалоого катышкан кореялык жоокерлердин эрдигин орус эли эч качан унутпайт", - деди Путин.
Белгилей кетсек, буга чейин Түндүк Кореянын жоокерлери Орусиянын курамында бар экендиги боюнча расмий маалымат тараган.
Ал эми Зеленский Курсктан Украина аскерлери чыга электигин билдирди.