Жалал-Абадда узундугу 12 чакырымдык тоннелдин курулушу башталды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жолунун негизги объектилеринин бири делген тоннелдин курулушу башталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган тоннелдин жалпы узундугу 12 чакырымды түзөт. Ал Сузак районунан башталып, Тогуз-Торо районунан бүтөт. Тоннелдин курулушун баштоо аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кытай менен Өзбекстандын элчиликтеринин, үч өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, темир жолду кура турган компаниянын өкүлдөрү катышкан.

Өкмөт өлкө аймагында узундугу ушундай эле болгон дагы 2 ири тоннел куруларын кошумчалады.

Эске салсак, былтыр 27-декабрда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышына старт берилген.

Жалпы узундугу 523 чакырымды түзгөн темир жолдун курулушу Кашкардан башталып, Торугарт ашуусунан өтүп, Жалал-Абадга келип, Өзбекстандын Анжиян шаарынан бүтөт. Анын 305 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан