Өлкөнүн башкы прокурору Максат Асаналиевге юстициянын генерал-майору атайын наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин администрациясы бүгүн, 29-апрелде кабарлады.
Ага ылайык, тийиштүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
"Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Асаналиев Максат Кубатовичке юстициянын генерал-майору атайын наамы ыйгарылды", - деп жазылды расмий билдирүүдө.