Кыргызстандын Олимпиадалык курамасына башкы машыктыруучу дайындалды

Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курамасына башкы машыктыруучу болуп UEFA PRO лицензиясына ээ болгон бразилиялык адис Эдмар Ласерда дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Кабарлангандай, адис кезинде профессионалдык футбол оюнчусу катары бразилиялык «Индепендиенте», «Паулиста» жана «Интернасьональ» клубдарында ойногон. Ал 2003-жылы Украинага көчүп, «Таврия», «Металлист», «Днепр» сыяктуу украиналык клубдарында карьерасын уланткан.

Украиналык жарандык алгандан кийин Ласерда 2011-2014-жылдар аралыгында Украинанын Улуттук курама командасы үчүн ойногон.

2019-жылы машыктыруучулук карьерасын баштаган Эдмар Ласерда 2023-жылга чейин «Металлист 1925» клубунда машыктыруучу болуп иштеп, 2024-жылы казахстандын «Тобол» клубунда машыктыруучунун жардамчысы болуп эмгектенген.

Машыктыруучу кураманы ушул жылдын сентябрь айында өтө турган Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына даярдайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан