Ысык-Көл-Бишкек унаа жолунда жол тескөөчүгө баш ийбей, качкан мас абалындагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Ага ылайык, жол кайгуул кызматкерлери Балыкчыдан чыгып, Боом капчыгайын көздөй бара жатып, Kia Morning үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Бирок айдоочу баш ийбей, 10 чакырым аралыка чейин качкан.
"Токтотуп текшерүү учурунда унааны бербей, экинчи ирет качып жөнөгөн. Акыр аягы унаа токтотулуп, кошумча экипаж чакыруу менен наркология бөлүмүнө жеткирилди.
Ал жактан спирт ичимдигин ичкендиги аныкталып, унаа айып короо жайына токтотулуп, кызматкерлердин токтотуу талабына баш ийбегендиги үчүн кошумча айып салынды", - деп билдирди башкармалыктан.
Текшерүү учурунда айдоочу буга чейин да бир нече ирет мас абалында унаа башкарып жүргөндүгү аныкталган. Эми айдоочу соттун чечими менен унаа башкаруу укугунан ажыратылышы мүмкүн.