Бул баа каяктан чыкты?.. Депутат Ормонов сугат сууга болгон тарифке нааразы болду (видео)

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында депутат Улукбек Ормонов күрүч өндүрүүчүлөр үчүн сугат сууга болгон тарифтин кескин кымбаттап кеткенине нааразы болду.

Ал былтыр тариф 1700 сом болсо, быйыл 7 миң сомго көтөрүлгөнүн белгиледи.

"Жардам сурабай, дыйкандар өздөрү өндүрүп, сатып жүргөн бир продукция бар. Ал күрүч. Ошого суунун баасын 7 миң сомго көтөрдүңөр. Бул баа каяктан чыкты? Биринчи "баа көтөрүлгөн жок" деп чыктыңар. Бирок көтөрүлүптүр. 2024-жылы 1700 сом төлөп жатышса, азыр 7 миң сом болуптур...

Суунун баасын эселеп көбөйткөн туура эмес. Өзгөн, Сузак райондору, Баткенде күрүчтү көп өндүрүшөт. Мен бул маселеге өтө көңүл бурууну суранат элем. Апрель айында, май айында кайрылгам, каралат деп айтышкан. Азыр "дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүздүк" деп жатасыңар. Дыйкандар 7 миң сомго макул болуштубу?" - деди Ормонов.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев күрүч сууну көп талап кылгандыктан баа көтөрүлгөнүн билдирди.

02.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан