АКШда өзүн авиакызматкер катары көрсөтүп, учактарда акысыз учуп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Флорида штатынын 35 жаштагы тургуну Тайрон Александер өзүн жети авиакомпаниянын кызматкери катары тааныштырып, ошол аркылуу акысыз билет алып учуп жүргөн. Тайрон жасалма кызматкердик бейдж номерлерин жана ишке алынган күндөрдү көрсөтүп турган.
2018-жылдан 2024-жылга чейин ал жалпысынан 120 жолу билет брондоп, алардын ичинен 34 жолу учкан.
Александердин бул кылмышы санарип технологияларды колдонуу менен жасалган алдамчылык болуп эсептелет. Эми ага 30 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы берилиши мүмкүн.