14-июнга караган түнү Иран Израилге жооп иретинде сокку урду.
Жума күнү кечинде, Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу ракеталар аскердик борборлорго жана аба базаларына атылганын билдирди. Ирандын мамлекеттик телеканалы Израил тарапка кеминде үч ирет ракеталык толкун жиберилгенин кабарлады.
Буга чейин Израил армиясы да Иран тараптан ракеталар атылганын тастыктаган. Өлкө боюнча аба чабуулуна каршы коңгуроо жарыяланган.
Журналисттердин айтымында, Тель-Авивде жана Иерусалимде катуу жарылуулар болду. Видеокадрларда асманда жарылуулар, абадан коргонуу системаларынын иши жана ракета тийген учурлар тартылды.
Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, Израил армиясы Иран тарабынан 100гө жетпеген ракета атылганын, алардын көпчүлүгү тосулганын билдирди.
Израил армиясынын расмий өкүлү Авихай Адраи "X" социалдык тармагында: "Айрым гана имараттар жабыркады, алардын да көпчүлүгү ракета тосууга байланыштуу түшкөн сыныктардан жабыр тартты", -деди.
Ошол эле учурда Reuters агенттиги АКШнын аскерлери Израилге ирандык ракеталарды атып түшүрүүгө жардам берип жатканын жазды.
Тель-Авив аймагында Ирандын ракеталык чабуулу менен байланышкан бир нече өрттөр өчүрүлдү.
Израилдик булактардын маалыматына ылайык, Ирандын соккуларынан кийин 40тан ашык киши ооруканага жеткирилген, алардын экөөнүн абалы өтө оор. Маалымат агенттиктери тарткан сүрөттөрдө Тель-Авивде да бир нече имарат жабыркаганы көрүнөт.
Ошол эле учурда Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи элге кайрылуу жасап: "Согушту баштаган — Израил. Алар биринчи сокку урду. Бул үчүн биз аларга катуу жооп кайтарабыз, оор соккуларды беребиз. Сионисттик режим кылган кылмышы үчүн жоопсуз калбайт. Иран эли биздин жообубуз жарым-жартылай болбой турганына ишениши керек",- деп билдирди.
Ал эми Израилдин коргоо министри Исраэль Кац: "Иран тыйуу салынган чекти бузду. Ал Израилдеги жайкын калктуу аймактарды ракеталар менен атты. Биз өз жарандарыбызды коргоону улантабыз",-деди.
The Jerusalem Post басылмасы Израилдин өзгөчө кырдаал кызматтарына шилтеме берип, аталган өлкөдө төрт адам каза болуп, 70тен ашык киши жаракат алганын кабарлады.
Эске салсак, Израил 13-июнга караган түнү Ирандын ядролук программасына тиешелүү объекттерге сокку урганын жарыялады. Анда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башчысы Хоссейн Салами, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Мохаммад Багери жана Өзгөчө кырдаалдар штабынын командири Хатам-Гулам Али Рашид каза болду.
Ошондой эле чет элдик басылмалар өзөктүк илимпоз жана Ирандын атом энергиясы боюнча мурдагы жетекчиси Ферейдун Аббаси баш болгон алты илимпоздун өлгөнүн жазышты.
Tasnim агенттигинин маалыматына караганда, кеминде 70 адам жаракат алды.