Орусиянын президенти Владимир Путин Ирандын президенти Масуд Пезешкиан жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу Кремлден кабарлашты.
Путин Израилдин соккуларынын натыйжасында тургундар арасында көптөгөн курмандыктардын болуусуна байланыштуу Иран өкмөтүнө жана элине терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Орусия Израилдин аракеттерин сындай турганын, бул алардын БУУнун Уставын жана эл аралык мыйзамдарды бузганын белгиледи. Путин кошумчалагандай, Орусия Ирандын ядролук программасы боюнча кырдаалды тынч жол менен жөнгө салуу үчүн ар дайым аракеттерди колдоп келген жана өзгөчө орток чечимдерге жетүү үчүн конкреттүү демилгелерди сунуштайт.
"Орусия Иран менен Израилдин ортосундагы жаңжалды токтотууга жардам берүүнү улантат", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми Израил премьер-министри менен болгон сүйлөшүүлөрдө Путин сүйлөшүүлөрдүн маанилүүлүгүн жана Ирандын ядролук программасы боюнча бардык маселелерди бир гана саясий-дипломатиялык жол менен чечүүнү баса белгиледи. Ошондой эле ал тараптарга ортомчулук кылууга даяр экендигин билдирди. Путин бул чыр-чатактын дагы да күчөп кетишинин алдын алуу зарылдыгын айтты.
"Орусия тарап Иран жана Израил жетекчилиги менен тыгыз байланышта болууну уланта турганын жана бул кырдаалды жөнгө салуу үчүн чара көрөрүн, учурдагы абал бүтүндөй регион үчүн абдан зыяндуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендигин белгиледи", - деп билдирди Кремлден.