Иран менен Израилдин аба соккуларынан канча адам каза болгону айтылды

Иран менен Израилдин бири-бирине жасаган ракеталык жана аба соккуларынын натыйжасында 138 адам каза таап, 392 адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Израил 13-июнга караган түнү Иранга жасаган чабуулунан 78 адам каза таап, 329 адам жаракат алды. Каза болгондордун арасында Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башчысы Хоссейн Салами, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Мохаммад Багери жана Өзгөчө кырдаалдар штабынын командири Хатам-Гулам Али Рашид каза болду. Ошондой эле чет элдик басылмалар өзөктүк илимпоз жана Ирандын атом энергиясы боюнча мурдагы жетекчиси Ферейдун Аббаси баш болгон алты илимпоздун өлгөнүн жазышты.

Ал эми Израилдин бүгүнкү Шахид Чамран шаарына жасаган чабуулунан кеминде 60 адам каза тапты. Алардын 20сы жаш балдар экени айтылды.

13-июнь күнү кечинде Иран Израилге жооп иретинде ракеталык сокку жасады. Расмий маалыматтарга ылайык, Израилде 63 адам жаракат алып, алардын экөөнүн абалы оор экени айтылат. Көпчүлүк жабыркагандар Тель-Авивде, Борбордук округда жана жээк аймактарында катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан